Редакцияот 28.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 28-апрели ПЖ № 104

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө

Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинде улуу муундун кыйла кеңири өкүлчүлүгүн камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 53 "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- согуштун, эмгектин жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жусубалиев Ильяс Жусубалиевич жана коомдук ишмер Сыдыков Батыралы жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин курамына киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева