Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 13-майы ПЖ № 111

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө

(КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 43,  2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81,  2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122, 2012-жылдын 8-ноябрындагы ПЖ № 246, 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157, 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2017-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 82, 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ишмердигин өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын штаттык санынын чеги 266 бирдик;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чеги 1585,5 бирдик.

(КР Президентинин 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

(КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 43 , 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 8-ноябрындагы ПЖ № 246  , 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157, 2017-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 82 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) 

3. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

 

Р. Отунбаева