Редакцияот 16.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 16-сентябры ПЖ № 241

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз ташып кетүүгө жана сатууга каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 11-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз ташып кетүүгө жана соодалоого каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева