Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 30-декабры ПЖ № 69

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

(КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 29-декабрынан баштап токтотулсун:

- Баткен облусунун экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагасы Абдугапаров Алмаз Абибулаевичтин;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы Абыкеев Талайбек Капаровичтин;

- Ош шаардык сотунун судьясы Айбатиев Турсунбай Тургунбаевичтин;

- (КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 Жарлыгына ылайык алынып салынды)

- Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Амиракулова Замира Тилебалдыевнанын;

- Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы Астаркулов Данияр Шаршенбековичтин;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы Бекишов Дуулатбектин;

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Боромбаев Абдуразак Эсентаевичтин;

- Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Бостонов Нурдин Гүлжигитовичтин;

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Жаналиев Бекболот Болотбековичтин;

- Бишкек шаардык сотунун судьясы Жакыбердиев Жолдошбектин;

- Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун төрагасы Жоомартов Күмүшбек Рысбековичтин;

- Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Илиязов Камчыбек Темирбековичтин;

- Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун төрагасы Исаков Абиджан Исаковичтин;

- Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасы Исраилов Автандил Жапаровичтин;

- Талас облустук сотунун судьясы Маматбекова Айканыш Мырсабековнанын;

- Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Мамбеталиев Өмүрбек Акылбековичтин;

- Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун төрагасынын орун басары Мусаев Нурлан Алишеровичтин;

- Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Оңолбеков Дамирбек Мадылбековичтин;

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы Осмонов Айдарбек Касымалиевичтин;

- (КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 Жарлыгына ылайык алынып салынды)

- Нарын облустук сотунун төрагасы Сыдыков Советбек Кемеловичтин;

- Ош облусунун Ноокат райондук сотунун төрагасы Ташбаев Сатыбалды Кочкоровичтин;

- Ош облустук сотунун судьясы Усубалиев Бакыт Токтогазиевичтин;

- Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Хамидулина Гульшат Ахмедзияновнанын;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунун төрагасы Чоконов Абдисатардын.

(КР Президентинин 2012-жылдын 11-январындагы ПЖ № 5 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев