Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 12-апрели ПЖ №85

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин түзүмүн оптималдаштыруу жана ишин өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы №385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:

"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги" бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мамлекеттик комитеттери" бөлүкчөсүндө:

III топтун биринчи абзацы ", Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Антикоррупциялык кызматтын директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын мамлекеттик кызмат орундарынын аталыштарынын Реестринде:

3-главадагы "Башкы кызмат орду" тобунун Б 1 категориясы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:

"Антикоррупциялык кызматтын директорунун орун басары - башкарманын зардалы".

2. (КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)күчүн жоготту

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев