Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2012-жылдын 24-сентябры ПЖ №205

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мектепке чейинки билим берүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматкерлеринин балдарынын укуктарын өз убагында жана толук камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун төртүнчү абзацында "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын карамагына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев