Редакцияот 05.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 5-октябры ПЖ №209

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Президенттик полкунун күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Мурда кабыл алынган чечимдерди Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-декабрындагы №599 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Президенттик полкунун күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев