Редакцияот 23.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 23-январы №15

Чүй облустук сотунун судьясынын кызматынан бошотуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-4-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Чүй облустук сотуна жаңы судьялардын дайындалгандыгына байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2013-жылдын 23-январынан баштап Чүй облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында кызматынан бошотулсун:

- Айжигитов Дастанбай Абдирашитович;

- Айтбаева Индира Мукашевна;

- Бейшеева Зарема Асаналиевна;

- Калыбаева Шааркан Акматалиевна;

- Султаналиев Улан Кенжебекович;

- Токтомамбетов Кеңешбек Божокоевич;

- Туйбаев Курманбек Арзыкулович;

- Хлыбова Любовь Леонидовна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев