Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2023-жылдын 6-июлундагы ПЖ № 170 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 15-июлу ПЖ N 165

Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө

(КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы чечимине ылайык токтом кылам:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Аскердик доктринаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын жана алардын аткарылышын камсыз кылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Атамбаев