Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 Жарлыгы менен бекитилген |
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Комиссиянын милдеттери
3. Комиссиянын ыйгарым укуктары
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы "Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.
2. Комиссия өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия өз ишмердигин Жогорку Кеңештин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун уюмдары менен өз ара тыгыз аракеттенет.
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тарых илимин өнүктүрүүнүн Мамлекеттик концепциясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү;
2) ишенимдүү тарыхый булактардын базасынын негизинде Кыргызстандын тарыхын терең жана ар тараптан изилдөө үчүн шарттарды түзүү;
3) Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептерин экспертизалоо жана баа берүү, тийиштүү корутундуларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
4) финансылоо үчүн Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий мурастарын үйрөнүү боюнча артыкчылыктуу программаларды жана долбоорлорду аныктоо;
5) Кыргыз Республикасынын тарыхынын актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан элинин маданий мурастарын талкуулоо үчүн эл аралык, республикалык, региондук конференцияларды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды өткөрүү;