КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 1-декабры ПЖ № 423
Б.Төлөновду, Т.Ибраимованы, Р.Насирдиновду
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын телекөрсөтүүсүнө сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер"
деген ардактуу наам берилсин:
Төлөнов Байышка - Кыргыз Республикасынын "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү" телерадиоберүү компаниясынын "Мекен" коомдук-саясый бирикмесинин продюсери;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлансын:
Ибраимова Таалайгүл - Кыргыз Республикасынын "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү" телерадиоберүү компаниясынын режиссеру;
Насирдинов Расулжан - Кыргыз Республикасынын "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү" телерадиоберүү компаниясынын оператору.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |