Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
2014-жылдын 29-январы № 17
2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо
Кыргыз мамлекеттүүлүгү эки миң жылдан ашык тарыхындагы татаал мезгилдеринин бирин баштан кечирип жатат. XX кылымда орун алган тагдыр чечүүчү окуялардын натыйжасында Кыргызстан эли өз алдынча мамлекет курууга дагы бир мумкүнчүлүк алды. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн алгачкы жыйырма жылында тапканыбыздан жоготконубуз көп болду. Коррупцияга батып, криминал менен биригип кеткен үй-бүлелүк-кландык режимдин күч алышы мамлекетгик бийликтин кадыр-баркын кетирип, улуттук байлыктарды талап-тоноого жол ачты. 2009-жылы Кыргыз Реснубликасы КМШдагы эң жакыр елке болуп таанылган. Мамлекетке болгон жарандардын ишеними кескин темендеп, кыргыз мамлекетинин жөндөмсүздүгү жана мамлекеттин жок болуу коркунучунда тургандыгы жөнүндө ачык айтыла баштаган.
Апрель революциясы эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жок кылууга шарт түздү. Эл бийликтин булагы жана бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштөегө тийиш. Мына ушул негизги принциптерди эске алуу менен 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыкты. Энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө багытталган маанилүү кадамдар жасалды. Чыныгы саясий атаандаштыктын негиздери түптөлдү. Жалныга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги камсыз кылынды. Коррупцияга каршы күрөш, соттук жана аскердик реформа жүргүзүлүүдо. Таза шайлоолорду өткөруү, коомчулук үчүн мамлекеттик органдарынын ишин ачык-айкын кылуу боюнча чечкиндүү кадамдар жасалды.Чыныгы саясий атаандаштыктын негиздери түптөлдү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги камсыз кылынды. Коррупцияга каршы күрөш, соттук жанан аскердик реформа жүргүзүлүүдө. Таза шайлоолорду өткөрүү, коомчулук үчүн мамлекеттик органдарынын ишин ачык-айкын кылуу боюнча чечкиндүү кадамдар жасалды.
Эң негизгиси, мекендештерибиздин мамлекетке болгон мамилеси езгөрүлүп жатат. Көптөгөн жарандарыбыз өзүнүн, балдарынын, мамлекетибиздин тагдыры үчүн жоопкерчиликти сезе баштады. Жарандык коом күч алып, жер-жерлерде ишин жандандырды. Мекенчилдик жана жарандык жоопкерчилик кадыресе карүнүшкө айланды.
Натыйжада өлкөбүздө экономикалык өсүш байкала баштады. Инфляцияны эске алганда пенсионерлердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү бир жарым эсеге, ал эми бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин сатып алуу жөндемдүүлүгү төрттөн бирге өстү. Пенсиянын орточо өлчөмү 2,1 эсеге, ал эми орточо эмгек акы 1,9 эсеге кебөйдү. Жетишкендиктер менен гана чектелбей, аларды бекемдеп, улантуу милдети турат.
Кырдаал көрсөткөндөй, кайрадан түптөлүп жаткан кыргыз мамлекеттүүлүгү бир нече коркунучтарга дуушар болууда. Элдин жана мамлекеттик институттардын биримдигин бекемдөө, бийликке жарандардын ишенимин арттыруу биринчи кезектеги милдеттер экендигин учурда башка өлкелврде болуп жаткан бөлүнүп-жарылуулар, куралдуу тирешүүлер ачык далилдеп турат.
Байыркы кубаттуу Кыргыз каганатынын урашына себеп болгон ички карама-каршылык сыяктуу эле, азыркы "саясий элитанын" абалы Кыргызстандын негизги проблемасына айланып, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудуруп жатат. Буга саясый элитанын көптөгөн өкүлдөрүндө мекенчилдик касиеттин жоктугу, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна албагандыгы себеп. Алар элдин кызыкчылыгын коргойбуз деген кооз сөзгө жамынып, көнүмүш адатынча мамлекетти талап-тоноого, мурдагы кыянаттыктары үчүн жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жаткандыгы көрүнүп турат.
Эң кейиштүүсү мындай аракеттер улуттук коопсуздукка, элдин биримдигине, өлквбүздөгү тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч жаратып жаткандыгы. Жалданма колдоочулары, өзүнүн менчик жалпыга маалымдоо каражаттары менен кырдаалды атайылап курчутууну, элибизди урууларга, региондорго, улуттарга бөлүп-жарууну көздөгөн саясатчылардын озгөчө бир тобу калыптанды.
Кыргызстанды стратегиялык өнуктүрүүнүн маселелерин чечүүгө бөгөт болгон дагы бир олуттуу маселе - мамлекеттик түзүлүштүн жана башкаруу системасынын чабалдыгы. Бийлик вертикалы иштебей, мамлекеттик бийлик органдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын тең салмактуулугунун жоктугу, борбордук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ортосундагы байланыштын начардыгы байкалып жатат.
Мамлекеттик бийликтин бир бутагынын маанилүү чечими көп учурларда башка бутактын жеке кызыкчылыкты кездөгөн бүлүндүргүч чечимдери менен жокко чыгарылып калууда.
Ошондуктан баш-аламандыкты жаратыи, бийликти алсыраткан, өлкөнүн биримдигине жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген ченемдерди аныктоо максатында колдонуудагы мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын талдап чыгуу зарыл. Регионалисттер 6aui көтөрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын талаш туудурган акыркы чечимдерн кабыл алынып жаткан шаргга бул маселе езгөчө мааниге ээ.