Редакцияот 01.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 01-декабры ПЖ № 420

Д.Анарботоевди, Ш.Пирматовду

мамлекеттик сыйлыктар менен

сыйлоо жөнүндө

 

Баткен облусунун Лейлек районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн:

 

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Анарботоев Дастанга - Баткен облусунун Лейлек районундагы "Исфана" акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Пирматов Шамшимамат - Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К. Бакиев