Редакцияот 01.09.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 1-сентябры ПЖ № 294

К.К.Бегалиевди, Р.С.Түмөнбаевди жана башкаларды

мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

 

Дене тарбия жана спорт жагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн:

"Данк" медалы

менен сыйлансын:

Бегалиев Канатбек Кубатбекович

- грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы XXIX Олимпиадалык оюндардын күмүш байгесинин ээси;

Түмөнбаев Руслан Самаганович

- грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынынь эл аралык класстагы спорт чебери, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы XXIX Олимпиадалык оюндардын коло байгесинин ээси.

 

Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы үчүн:

"Даңк" медалы

менен сыйлансын:

Алыкулов Эмиль Таштанович

- Кыргыз Республикасынын курама командаларын Олимпиадага даярдоо борборунун грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу-окутуучу;

Ахметов Мейрамбек Джанилович

- Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын машыктыруучусу-окутуучу;

Молдабаев Амеркул Алимжанович

- Бишкек шаарынын Свердлов райондук олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорттук мектебинин грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучусу-окутуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

Шаршекеев Уразбек Рысбекович

- Талас шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу-окутуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

К. Бакиев