Редакцияот 30.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 2008-жылдын 30-июну ПЖ № 235

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар

министрлигинин кызматкерлерин Кыргыз

Республикасынын Ардак грамотасы менен

сыйлоо жөнүндө

 

Соңку жаратылыш кырсыктарынын алдын алууга жана аларды жоюуга жигердүү катышкандыгы үчүн

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

Дүйшөмбиев Темирбек Жамсапович - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкы башкармасынын Бишкек шаарындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармасынын өрткө каршы аскерлештирилген N 3 бөлүгүнүн кароолунун начальниги;

Жунусов Абдыкадыр Арынович - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аскерлерди жана күчтөрдү даярдоо башкармасынын начальниги;

Нурманбетов Сталбек Майрамалиевич - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарындагы куткаруу кызматынын куткаруучулар тобунун командири;

Садабаева Чынара Отунчиевна - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жайдын коопсуздугуна көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын тоо-кен жана кен эмес өндүрүштөрдөгү көзөмөл боюнча бөлүмүнүн мамлекеттик кен-техникалык инспектору;

Шабалина Любовь Николаевна - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу департаментинин өндүрүш жана долбоорлорду турмушка ашыруу бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев