Редакцияот 08.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 8-апрели № 22/V-26

Таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин (Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы) таштандыларды чыгаруу  үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндөгү 12-беренесине ылайык

Кочкорбаев  айылдык округунун кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2013 жылга таштандыларды чыгаруу үчүн бир түтүнгө (жеке жак) – 50 (элүү) сом, мекеменин кызматкерине (юридикалык жак) – 100 (жүз) сом өлчөмүндө ченди коюу менен ушул жылдын ичинде   төлөө мөөнөтү бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Кочкорбаев  айылдык округунун кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы – Койчукеев Э.С.  жүктөлсүн.

 

Кочкорбаев айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Райкеев ДжДж.