Редакцияот 29.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013 жылдын 29-марты № 19/III-26

Айдоо жерлерди майкандоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же зыян келтирүүсү үчүн төлөмдү бекитүү

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик кодексинин 185- беренесине ылайык жана 2013 жылдын 24- апрелинде өткөн айылдык чогулушта айтылган сунуштарды карап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун - Кыр айылдык округунун аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан, малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрдү керектөөдөн чыгаруусу же зыян келтирүүсү үчүн:

-  ири мүйүздүү малга - 1 500 (бир миң беш жүз) сом

- майда жандыктарга - 500 ( беш жүз) сом

 - атчан же ат араба менен айыл чарба өсүмдүктөрүн тебелеп өтүүгө  – 200(эки жүз) сом.

 - айыл чарба өсүмдүктөрүн унаа менен тебелеп өтүүгө - 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө айып төлөм бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун Кыр айылдык округунун кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Узун-Кыр айылдык округунун

кеңешинин төрагасы

 

А. Абиров