Редакцияот 01.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 1 марты №11/11-26

Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2013-жылга карата планды бекитүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2013-жылга карата планын бекитүү жөнүндө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Көчөралиеванын маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн  2012-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө маалымдамасы эске алынсын.

-Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Мусакеев