Редакцияот 04.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 04 апрели №16/111-26

Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында каржы бөлүмүнүн 2013-жылга карата түзгөн Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча маселени карап жана талкуулап айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча  киреше булагы  13432.7 сомго жана чыгаша булагы 13432.7сомго,атайын каражаттар  боюнча  55миң сомго бекитилсин.

2. Каржы-эконмикалык бөлүмүн кызматкерлери /Көчөралиева С, Далбаева Г, П.Жумабекова,,Жолбунова Д,Егембердиева Г/

·         -айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн салыктын ,салык эмес төлөмдөрдүн жана мурунку жылдардан калган карыздардын негизинде 100% аткаруу милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Мусакеев