Редакцияот 19.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кудук айылдык кеңешинин ХХV чакырылган XXV уюштурулган сессиясы

 

2012-жылдын 19-сентябры №181/XXV

“Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башкага белгиленген” жерлердин категориясына “ “Айыл чарбага белгиленген жерлердин” категориясынан Ак-Кудук айылдык округунун аймагына жер тилкелерин өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 токтомунда бекитилген жер тилкелериндеги бир өсүмдүктүн түрүнүн экинчи түрүнө же бир категориядан башка категорияга өтүү (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Жобону колдонмо кылып, “Айыл чарбага баелгиленген жерлердин “ категориясындагы “жайыт” өсүмдүк түрүнө караштуу №131, 133- контурларда жайгашкан жер тилкелерин өткөрүү жөнүндө даярдалынган материалдарды карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башкага белгиленген” жерлердин категориясына “ Айыл чарбага белгиленген жерлердин категориясынан”  №131 жана 133- контурларда жайгашкан  жалпы аянты 6.0 га жер тилкесин өткөрүү (трансформациялоо) жүргүзүлсүн.

2. Ушул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына  бекитүүгө жиберилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана Ак-Кудук айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Ак-Кудук айылдык округунун

айылдык кеңешинин төрагасы

 

Ким М.В.