Редакцияот 29.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 29-апрели № 31/IV-26

Кең-Булуң айылдык округунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

Кең-Булуң айылдык округунун каржы-экономика бөлүмүнүн башкы адиси Г. М. Мырзабаеванын «Кең-Булуң айылдык округунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө» маалыматын угуп, талкуулап Кең-Булуң айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Булуң айылдык округунун 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгү бекитилсин

- айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешеси – 24505,8 миң сом

анын ичинен

- Жергиликтүү бюджет Негизги счет – 8695,8 миң сом

                                          Атайын счет – 197,5 миң сом

-Категориалдык грант                        – 15612,5 миң сом

-Жылдын башында калган эркин калдыгы – 323998 миң сом

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кең-Булуң айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Р. Мадинцеев