Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-июну № 24/IV-26

Узун-Кыр айылдык кеңешинин токтомдорун, айыл өкмөтүнүн чечимдерин, буйруктарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө

"Мамлекетик тил жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-жана 10-беренелеринин негизинде жана Узун-Кыр айыл аймагынын аймагында жашаган жарандардын 70 пайызы мамлекетик тилде суйлөшкөнүнө баиланыштуу Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айылдык кеңешинин токтомдору, айыл өкмөтүнүн чечимдери, буйруктары мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нормативдик-укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл аймагынын жооптуу катчысы К.Курманкуловага жүктөлсүн.

 

Узун-Кыр айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Абиров