Редакцияот 23.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 2013-жылдын 23 сентябры № 31/VI-26

Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты  жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффицентин  К3 аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-ж Салык Кодексинин 339-беренесинин 4п. ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди калктуу конуштардын жерлери үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө 327-беренени аткаруу максатында Нурманбет айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди калктуу конуштардын жерлерин колдонуу үчүн юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффиценти К3 1,0 өлчөмдө аныкталсын.

2.Нурманбет айыл өкмөтүнө:

-бул токтом Чуй-Бишкек юстиция  башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин

-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешин каржы боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Мусакеев