Редакцияот 24.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирдик айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Чуй облусундагы Ысык-Ата районунун Бирдик айылдык кеңешинин XXVI-чакырышынын 5-сессиясы

 

2013-жылдын 24-сентябры № 24/5-26

Айыл чарбалык эмес жерлерге, короо-жай участокторуна тилкелик коэффициенти бекитүү жана 2014-жылдын 1-январынан баштап жергиликтүү салык киргизүү жѳнүндѳ

«Айыл чарбалык эмес жерлерге, короо-жай участокторуна тилкелик коэффициенти бекитүү жана 2014-жылдын 1-январынан баштап жергиликтүү салык киргизүү жѳнүндѳ» маселени карап жана талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 338 жана 339- пунктунун негизинде Бирдик айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирдик айыл аймагынын территориясында айыл чарбалык эмес жерлерге салыктарды эсептѳѳ үчүн К-з, короо-жай жана бакча-огород участокторундагы жерлерге К-з коэффициенти бекитилсин.

2. Бирдик айыл аймагынын территориясында 2014-жылдын 1-январынан баштап 1,2,3-топтогу мүлккѳ жергиликтуу салыктарды администрациялоону киргизүү.

3. Бирдик айыл ѳкмѳтү ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде каттоодон ѳткѳрсүн.

4. Бирдик айыл ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча жетектѳѳчү адиси ушул токтомду жетекчиликке алып айыл чарбалык эмес, кооро–жай жана бакча-огород участокторундагы жерлерге 1,2,3- топтогу мүлккѳ жер салыгын эсептѳѳнү жүргүзсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.

 

Бирдик айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М. Шурбеков