Редакцияот 28.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

 2011-жылдын 28-августу ПЖ № 212

Республиканын ар кайсы тармактарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгынын урматына:

"Эмгек ардагери" медалы менен сыйлансын:

Ан Клара Дмитриевна

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу жерге жайгаштыруу боюнча "Кыргызгипрозем" Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун жер жана жер кадастры бөлүмүнүн инженери;

Григорьев Георгий Дмитриевич

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографо-геодезиялык кызматтын мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жана картографо-геодезиялык фонду бөлүмүнүн башкы адиси;

Довгаль Любовь Васильевна

-

Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн финансылык бөлүгүнүн жетектөөчү адиси;

Кожогулова Динаргүл Мусаевна

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу жерге жайгаштыруу боюнча "Кыргызгипрозем" Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси;

Менникаева Руза Валиулловна

-

Кыргызстан геология, геодезия жана картография кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Республикалык комитетинин башкы бухгалтери;

Миньков Михаил Рувимович

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографо-геодезиялык кызматтын Кыргыз комплекстүү аэрогеодезиялык экспедициясынын начальнигинин орун басары;

Молчанов Анатолий Николаевич

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографо-геодезиялык кызматтын метрологиялык тобунун жетектөөчү инженер-механиги;

Плаксина Вальмира Васильевна

-

Чүй облусунун Москва райондук социалдык коргоо башкармасынын начальниги;

Раимбеков Смарбек Асанович

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун дене тарбия жана тарбиялоо боюнча окутуучусу;

Савицкая Тамара Александровна

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографо-геодезиялык кызматтын эсептөө иштери бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;

Токуров Шарафидин

-

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын башкы адиси-юристи.

 

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

Р.Отунбаева