Редакцияот 25.04.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 25-апрели ПЖ № 148

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын

ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын

жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Саатов Таалайбек Жапарович - жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Усенов Канатбек Садыкович - жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К. Бакиев