Редакцияот 30.01.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 2007-жылдын 30-январы ПЖ № 18

Ө.А.Алиев, Ж.Б.Бектемиров

жана башкалар жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пункттун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 11-статьясынын биринчи бөлүгүндөгү 1-пунктчага ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2006-жылдын 29-декабрынан тартып төмөнкүлөр бошотулсун:

Алиев Өзбек Адамович - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 29-декабрындагы N 460 Жарлыгы

менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясынын кызматынан;

Бектемиров Жакыпбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-июлундагы № 225 Жарлыгы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясынын кызматынан;

Ибраева Жумагүл Дүйшеновна - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 29-декабрындагы № 460 Жарлыгы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Нарын облустук сотунун судьясынын кызматынан;

Мамытов Эмилбек Насипович - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Указы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун төрагасынын орунбасарынын кызматынан;

Оморова Максуда Мадиевна - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-июлундагы № 229 Жарлыгы менен жети жылдык мөөнөткө дайындалган Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орунбасарынын кызматынан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев