Редакцияот 28.02.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 28-февралы ПЖ № 84

З.Б.Бейшеев, Р.Р.Курбанов, А.Молдоканов жөнүндө

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн:

 

"Даңк" медалы менен сыйлансын:

 

Бейшеев Закон Бейшеевич - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын алдындагы мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редакторунун орунбасары.

 

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер"

 деген ардактуу наам берилсин:

 

Курбанов Раимжан Рахмановичке - "Кыргыз тили" коомунун вице-президенти.

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Молдоканов Аалы - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын котормо жана жарнама секторунун башчысы.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

К.Бакиев