Редакцияот 24.04.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 24-апрели ПЖ №200

Жусуп Мамай уулун I даражадагы "Манас" ордени

менен сыйлоо жөнүндө

 

"Манас" эпосун өнүктүрүүгө, жайылтууга жана кеңири таанытууга сиңирген зор эмгеги үчүн Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун жазуучулар союзунун төрагасынын орунбасары, манасчы Жусуп Мамай уулу I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

К.Бакиев