Редакцияот 17.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 17-апрели ПЖ № 87

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин

күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамынын 25-беренесине ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үй-бүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органдын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн алдындагы ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жобосун жана курамын бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369 "2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик тендештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Атамбаев