Редакцияот 19.05.1994
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

УКАЗЫ

1994-жылдын 19 майы ПЖ № 87

Чек арачылардын тобун Кыргыз Республикасынын Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону уюштурууда эмгек синиргендиги үчүн төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Грамотасы менен сыйлансын:

Аксенин Александр Николаевич – Россия Федерациясынын чек ара аскерлеринин Кыргыз Республикасындагы тобунун Командачысынын орун басары,

Гурьев Иван Маркович - Россия Федерациясынын чек ара аскерлеринин Кыргыз Республикасындагы тобунун №2533 аскер бөлүмүнүн командири,

Косенко Владимир Владимирович - Россия Федерациясынын чек ара аскерлеринин Кыргыз Республикасындагы тобунун Командачысынын чалгындоо боюнча орун басары – чалгындо болүмүнүн башчысы,

Матов Дуулат Темирбекович - Россия Федерациясынын чек ара аскерлеринин Кыргыз Республикасындагы тобунун чалгындоо бөлүмүнүн командиринин орун басары.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Акаев