Редакцияот 02.04.1997
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

УКАЗЫ

 

1997-жылдын 2-апрели ПУ № 78

М. Балбаковго, А. Исмановго, А.Т. Турдукуловго, Н.Г. Ялымовго «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наам берүү жөнүндө

Илим жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүлөргө «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наам берилсин:

 

Балбаков Мурат

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары, экономика илимдеринин доктору

Исманов Ахмат

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк региондук бөлүмүнүн Коомдук илимдер институтунун директорунун илим боюнча орун басары, экономика илимдеринин доктору

Турдукулов Аскер Турдукулович

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору, геология-минерология илимдеринин доктору

Ялымов Нариман Галимович

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо тетиктеринин физикасы жана механикасы институтунун лаборатория башчысы, техника илимдеринин доктору

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

А. Акаев