Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 13-сентябры ПЖ № 405
Республиканын токой чарбасынын кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын токой чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн сыйлансын:
Бекбаев Жекшеналы Бекбаевич - эмгектин ардагери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун коомдук башталыштагы кеңешчиси.
Республиканын токой чарбасын өнүктүрүүгө, жаратылышын коргоого кошкон салымы үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
Турдумамбетов Жолдошбек - Жалалабат облусунун Токтогул токой чарбасынын директору;
Бурханов Айткул Мустафаевичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары;
Исаенко Ольга Гавриловнага - Жалалабат аймактык токойду өнүктүрүү жана аңчылык ресурстарды жөнгө салуу башкармасынын токойду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
Шайылдаев Эркинбек Калиевичке - Ысыккөл облусунун Ысыккөл токой чарбасындагы Өрүктү токойчулугунун токойчусу.
Бугубаева Күлшан Султанбековна - Талас облусунун Карабуура токой чарбасындагы Шекер токойчулугунун токойчусу;
Токтоналиев Авасбек Жумабаевич - Чүй облусунун Чүй токой чарбасынын токойду кайтаруу жана коргоо инженери.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |