Редакцияот 15.03.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 15-марты ПЖ № 117

Кыргыз Республикасынын туракжай-коммуналдык чарбасынын

ишканаларынын Мамлекеттик бирлигинин кызматкерлерин

мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын туракжай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн

"Даңк" медалы менен сыйлансын:

 

Зарипов Аскарбек - Кыргыз Республикасынын туракжай-коммуналдык чарбасынын ишканаларынын Мамлекеттик бирлигинин төрагасы.

"Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек снңирген кызматкер"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Алишеров Куванычбекке - Ош райондор аралык "Жылуулукжабдуу" өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору, Ош шаары;

Скрипаев Николай Андреевичке - райондор аралык "Жылуулукжабдуу жана суу агызуу" өндүрүштүк бирикмесинин директору, Чүй областы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Карымшаков Шарапидин Адисович - Токмоктогу "Жылуулукжабдуу" өндүрүштүк бирикмесинин жылуулук тармактарынын мастери, Чүй областы;

Левченко Алексей Денисович - Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыз кылуу бирикмесинин откана жабдуусун оңдоо боюнча слесары, Чүй областы.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев