Редакцияот 02.05.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 2-майы ПЖ № 196

Республиканын байланышынын кызматкерлерин мамлекеттик

сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын коммуникация жана байланыш каражаттарын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн сыйлансын:

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

 

Абдыллаев Абдыкадыр Сапарбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызмаркасы" Мамлекеттик ишканасынын директору;

Алешин Валерий Валерьевич - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Чүй областтык филиалынын Ысыката бөлүмүнүн Кант участкасынын кабелчи-каңдоочусу;

Атакулов Шарап Куватович - Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Жалалабат областтык филиалынын өнүктүрүү цехинин начальниги;

Миңкишиев Таштан - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызпочтасы" Мамлекеттик ишканасынын Ош областтык филиалынын эксплуатациялоо боюнча жетектөөчү адиси.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев