Редакцияот 31.05.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 31-майы ПЖ № 302

Республиканын финансы-экономикалык чөйрөсүнүн кызматкерлерин

мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

 

Финансы-экономикалык иш жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Клименко Илья Петровичке - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Алыгулова Мастууракан Абдыкеримовна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармасынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башкы адиси;

Иманалиева Кымбат Басаркуловна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын пландаштыруу, финансылоо жана эсеп борборунун референти;

Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орунбасары, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;

Мадеминов Абдиганы Жалилович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Баткен облустук казначылыктын региондук бөлүмүнүн башчысы;

Мурадилов Муратбек Базылжанович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Ысыккөл райондук финансы бөлүмүнүн начальниги;

Набокова Валентина Алексеевна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Ош облустук финансы башкармасынын бюджеттик бөлүмүнүн башкы адиси;

Садыкова Чүрөк Жумабаевна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар жана активдер башкармасынын мамлекеттик карыздар жана активдер статистикасы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Сакебаева Тамара Абдышевна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин реалдуу секторду финансылоо саясаты башкармасынын реалдуу сектор бөлүмүнүн башкы адиси.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев