Редакцияот 22.06.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 22-июну ПЖ № 319

Ж.Э.Беккулованы, Г.А.Бойкону

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен

сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын курчап турган чөйрөсүн коргоого сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүлөр

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Беккулова Жыпаркүл Эшимбековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Экологиялык стратегия жана саясат башкармасынын начальниги;

Бойко Галина Алексеевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош аймактык башкармасынын аймактык мамлекеттик экологиялык экспертиза секторунун башчысы.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев