Редакцияот 12.07.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 12-июлу ПЖ № 378

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлерин

мамлекеттик сыйлык менен сыйлоо жөнүндө

 

Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн сыйлансын

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

 

Гудимова Любовь Николаевна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик соттук экспертиза борборунун сот-автотехникалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы;

Пратов Галбай Калыкович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу Башкы башкармасынын тергөө башкармалыгынын начальниги;

Яковлева Елена Александровна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик соттук экспертиза борборунун жардыргыч техникалар жана өрт-техникалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев