Редакцияот 25.08.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 25-августу ПЖ № 436

Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржайынын

кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржайы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Акматова Каныкей Мукашевна - "Акбулак" ачык акционердик коомунун башкы технологу, Ысыккөл облусу;

Алдаматов Түмөн - Ноокен районундагы "Кыргоо" үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси, Жалалабат облусу;

Садикова Улмасхан - Араван районундагы "Янги-Юль" үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси, Ош облусу.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев