Редакцияот 27.10.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 27-октябры ПЖ № 516

С.Абдыкадырова, С.Егиналиев жана башкалар жөнүндө

Кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгеги, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн

"Даңк" медалы менен сыйлансын:

 

Абдыкадырова Субайылда - акын;

Егиналиев Санжы - жазуучу.

Кыргыз улуттук адабиятын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн

"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Артыкбаев Качкынбайга - жазуучу, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы.

Кыргыз поэзия маданиятын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн

"Кыргыз Республикасынын эл акыны"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Шаповалов Вячеслав Ивановичке - акын, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин илимий саясат жана илимий изилдөөлөр башкармасынын начальниги.

Кыргыз адабияты жана көркөм өнөр жагындагы сиңирген зор эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Жусупбеков Асанбайга - Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун Жалалабат облустук бөлүмүнүн төрагасы, "Жеңижок" коомдук фондунун төрагасы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Абдалова Фатима - акын;

Абыкеев Чолпонбек - жазуучу;

Акбаров Атантай - акын;

Асаналиев Байтемир - жазуучу;

Молдобаев Тургуналы - акын.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев