Редакцияот 19.12.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 19-декабры ПЖ № 602

А.С.Сабирова, М.А.Мулахунова жөнүндө

Кыргызстан калкынын улуттар аралык ынтымагын жана биримдигин чыңдоого кошкон зор салымы үчүн:

"Даңк" медалы менен сыйлансын:

 

Сабирова Карияхон Сатвалдиевна - "Орзу" өзбек улуттук маданий борборунун төрайымы;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Мулахунова Махпират Ахметовна - Кыргыз Республикасынын уйгурларынын "Иттипак" коомунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын "Достук" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин өз кабарчысы.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев