Редакцияот 22.09.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2005-жылдын 22-сентябры ПЖ № 388

Б.Ешмамбетовду, А.Артыковду жана башкаларды

мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

 

Мамлекеттик жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген эмгеги, жигердүү коомдук иши үчүн:

III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын:

 

Ешмамбетов Бакы - Кыргыз Республикасынын согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун Президиумунун мүчөсү;

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жигердүү коомдук иши үчүн

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын.

 

Артыков Ашим - Лейлек райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы, Баткен областы;

Сарбагышев Имаш - Тоң райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы, Ысыккөл областы;

Ташбалтаев Карим - Баткен областтык ардагерлер Кеңешинин төрагасы, Баткен областы.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев