Редакцияот 05.11.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2005-жылдын 5-ноябры ПЖ № 518

Республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана

басмасөзүнүн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен

сыйлоо жөнүндө

 

Маалыматка жана басмасөзгө сиңирген эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Маткеримова Берметке - "Кыргыз Туусу" газетасынын социалдык маселелер бөлүмүнүн башчысы;

Тынаев Жанузакка - "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин редактору.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

 

Абдыгулов Аскарбек Урманбекович - фотокабарчы;

Бакиров Карбалас - "Эркин Тоо" газетасынын баяндамачысы;

Богданов Альберт Николаевич - "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин четөлкөлүк маалымат бөлүмүнүн башчысы;

Красотина Ирина Вяйневна - "Учкун" ачык акционердик коомунун басмага чейинки даярдоо участкасынын терүү-сап куюу машинасынын терүүчүсү;

Кулданова Райла Рапкомовна - "Учкун" ачык акционердик коомунун мукаба цехинин мукабачысы;

Мамбеталиев Кубан Ильясович - "Журналисттер" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы;

Наматбаева Толкун Сагыновна - "Франс-пресс" Эларалык маалымат агенттигинин кабарчысы;

Тукендерова Жеенбүбү - "Эркин Тоо" газетасынын улук корректору;

Юсупов Доктурбек Өмүржанович - "Кыргыз Туусу" газетасынын экономика жана маалымат бөлүмүнүн башчысы;

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев