Редакцияот 18.11.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2005-жылдын 18-ноябры ПЖ № 584

Ж.Асанкуловду II даражадагы "Манас"

ордени менен сыйлоо жөнүндө

 

Мамлекетке жана Кыргызстан калкына сиңирген зор эмгеги, республиканын улуттук коопсуздук органдарындагы көп жылдык үзүрлүү иши үчүн генерал-лейтенант, эмгектин ардагери Асанкулов Жумабек II даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев