Редакцияот 21.12.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2005-жылдын 21-декабры ПЖ № 639

Республиканын энергетика системасынын

кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар

менен сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын энергетика тармагын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын өнөржайына эмгек сиңирген кызматкер"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Молдобаев Кеңешбай Токтогуловичке - "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору, Бишкек шаары;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

 

Абдираимов Мустафа Самидинович - "Средазспецэнергомонтаж" жабык акционердик коомунун экскаваторчусу;

Аревков Николай Михайлович - "Электросредазмонтаж" Кыргыз-казак жоопкерчилиги чектелген коомунун электромонтажчысы;

Боос Николай Агенесович - "Средазспецэнергомонтаж" жабык акционердик коомунун болот жана темирбетон конструкцияларын монтаждоочусу;

Боскобеев Жолдошбек Картаңбаевич - "Кыргызстан Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы электр тармактар филиалынын Чүй ишканасынын электромонтеру;

Дадажанов Давран Эргашевич - "Электромонтаж" ачык акционердик коомунун электромонтаждоо участкасынын устаты;

Калмамбетов Автандил Исмаилович - Кыргыз Республикасында энергетика долбоорлорун жүзөгө ашырууга көзөмөлдүк боюнча инженер-консультанты;

Курлов Виктор Егорович - "Кыргызстан Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун релелик коргоо жана автоматика борбордук кызматынын начальнигинин орунбасары;

Маматбеков Бекбо Жумадылович - эмгек ардагери, Бишкек шаары;

Молдокадыров Дөөлөткелди Сатарбекович - "Кыргызстан Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы электр тармактар филиалынын Чүй ишканасынын электромонтеру;

Паталашко Владимир Михайлович - "Кыргызэлектросетьстрой" ачык акционердик коомунун электролиниячысы.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев