Редакцияот 04.02.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2003-жылдын 4-февралы ПЖ № 22

Кыргыз улуттук консерваториясынын кызматкерлерин

мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

 

Улуттук музыка өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы жана үзүрлүү педагогдук иши үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

III даражадагы "Манас" ордени менен:

 

Бегалиев Муратбек Акимович - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, профессор;

"Данакер" ордени менен:

 

Айтыгулов Кайыпбек - оркестрдик факультеттин деканы, профессор;

Темирбеков Марлен Болоталиевич - жеке ырдоо кафедрасынын башчысы, профессор.

Республиканын музыка өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана квалификациялуу адистерди даярдагандыгы үчүн:

"Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наам берилсин:

 

Мураталиев Тентимишке - элдик аспаптар кафедрасынын профессору;

Цокуренко Полина Абрамовнага - атайын фортепиано кафедрасынын башчысы, профессор.

Музыка өнөрү жагындагы сиңирген эмгеги жана квалификациялуу адистерди даярдагандыгы үчүн:

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам берилсин:

 

Георгиева Лариса Александровнага - жеке ырдоо кафедрасынын профессору;

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген артисти"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Жекшенов Калыбек Шейшеновичке - Кыргыз салттык музыкасы жана фольклору кафедрасынын доценти.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Алишерова Нестандаражан Ажикуловна - жеке ырдоо кафедрасынын доценти;

Литуненко Игорь Тимофеевич - камералык ансамбль кафедрасынын доценти;

Шаршенбаев Элис - үйлөмө аспаптар кафедрасынын доценти.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев