Редакцияот 13.04.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 13-апрели ПЖ № 137

С.Эдамураны "Данакер" ордени менен

сыйлоо жөнүндө

Кыргыз-япон мамилелерин, эки элдин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн "Сумитомо" корпорациясынын кеңешчиси Эдамура Сумио "Данакер" ордени менен сыйлансын.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Акаев