Редакцияот 04.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 4-ноябры ПЖ № 200

Усубалиев Турдакун Усубалиевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясын белгилөө жөнүндө

 

Мамлекетке жана Кыргызстан элине сиңирген зор эмгеги учүн, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 95 жылдыгына байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.  Усубалиев Турдакун Усубалиевичке 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунун каражаттарынан 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү ай сайын стипендиясы белгиленсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн стипендияны төлөп берүүнү камсыз кылсын.

3.  Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев