Редакцияот 29.06.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2004-жылдын 29-июну ПЖ № 212

Республиканын саламаттыкты сактоо системасынын

кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар

менен сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын саламаттыкты сактоо жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Адыраңов Асыранбекке - Атбашы аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, Нарын областы;

Акматова Бүбүайшага - Нарын областтык бириккен ооруканасынын терапевт-врачы;

Акматов Канатбек Тентимишовичке - Ош шаарынын аймактык ооруканасынын директору;

Аманов Бекенге - Токтогул райондук үйбүлөлүк медицина борборунун хирург-врачы, Жалалабат областы;

Андреева Валентина Васильевнага - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын № 1 неврология бөлүмүнүн башчысы;

Арзыбаев Субаналыга - Аксы аймактык ооруканасынын терапевт-врачы, Жалалабат областы;

Атакулова Зинаида Чыныбаевнага - Республикалык диагностика борборунун отоларинголог-врачы, Бишкек шаары;

Жунусов Эшимбекке - Тезжардам станциясынын № 3 подстанциясынын башчысы, Бишкек шаары;

Жеенбаев Жолборско - Ош шаарынын аймактык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы;

Корчиева Шарапатка - Карабуура райондук кургак учук ооруканасынын өпкө оорулар бөлүмүнүн башчысы, Талас областы;

Марков Август Семеновичке - Кыргыз мамлекеттик медицина кадрларын кайра даярдро жана квалификациясын жогорулатуу институтунун балдар хирургиясы циклинин башчысы;

Мокешов Жаныш Мокешовичке - Түп борбордук райондук ооруканасынын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы, Ысыккөл областы;

Молдомусаев Жыйналышка - Атбашы райондук карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун начальниги, Нарын областы;

Мусаева Жибекке - N 18 үйбүлөлүк медициналык борбордун терапевт-врачы, Бишкек шаары;

Нуруева Замира Аттокуровнага - Ош областтык бириккен клиникалык ооруканасынын балдар стационарынын дарылоо бөлүмүнүн башчысы;

Таджибаева Есенкүл Оишевнага - Сумсар участкалык ооруканасынын акушергинекологу, Жалалабат областы;

Шаймурзаев Акмат Канзамановичке - Лейлек райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн врачы, Баткен областы;

Шаршеева Кулюрага - Ысыката райондук үйбүлөлүк медицина борборунун терапевт-врачы, Чүй областы;

Эсенканов Мамбетке - Аксуу райондук үйбүлөлүк медицина борборунун врачы, Ысыккөл областы.

"Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Абдракманова Кулумканга - педиатрия жана балдар хирургиясы Улуттук борборунун кардиология бөлүмүнүн медициналык сестрасы, Бишкек шаары;

Семенова Раиса Васильевнага - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин башкы адиси;

Чернова Нина Ефимовнага - Педиатрия жана балдар хирургиясы Улуттук борборунун улук илимий кызматкери, Бишкек шаары.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Абдыкадырова Гүлипа - Жайыл райондук үйбүлөлүк медицина борборунун акушер-гинекологу, Чүй областы;

Бегматов Абжалалбек Каримович - Республикалык психиатриялык ооруканасынын башкы врачы, Кызылжар поселкасы, Жалалабат областы;

Бобулов Акматалы Маматович - Ноокат райондук стоматологиялык поликлиникасынын башкы врачы, Ош областы;

Калжикеев Абдрасул Мусатаевич - Улуттук хирургия борборунун ириң-септикалык хирургия секторунун башчысы, Бишкек шаары;

Маматеминов Гуламидин - Кызылкия шаардык стоматологиялык поликлиникасынын башкы врачы, Баткен областы;

Мамакеев Канат Мамбетович - Улуттук хирургия борборунун аткаруучу директору, Бишкек шаары;

Нурматова Зина Корчубековна - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын медициналык реабилитациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Сарногоев Эсенбай Кондубаевич - Талас областтык бириккен ооруканасынын директорунун орунбасары;

Сулейманова Парида - "Стоматология" жоопкерчилиги чектелген

Токтосуновна коомунун врач-стоматологу, Бишкек шаары;

Тешебаева Нуржамал Таштановна - Жалалабат областтык бириккен ооруканасынын директорунун орунбасары.

 

Президент

А.Акаев