Редакцияот 15.10.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 13-октябры ПЖ № 355

Баткен областынын ар кайсы тармактарынын

кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар

менен сыйлоо жөнүндө

 

Курулуш жагындагы сиңирген эмгеги, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн

"Кыргыз Республикасынын эмгек снңирген куруучусу" деген ардактуу наам берилсин:

 

Абдукаримов Мусинге - "Үчкоргон ПМКсы" акцнонердик коомунун төрагасы, Кадамжай району;

Мавлянов Абдуманап Бакубаевичке - Баткен шаарынын автомобиль жолдорунун № 7 өндүрүштүк-линиялык башкармасынын начальниги.

Билим берүү жагындагы сиңирген эмгеги, көп жылдык педагогикалык иши үчүн:

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" деген ардактуу наам берилсин:

 

Дегтярева Людмила Анатольевнага - Кызылкыя шаарындагы № 1 орто мектептин директору.

Баткен областынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн сыйлансын:

"Даңк" медалы менен:

 

Мавлянов Кадырбек Төрөкулович - Хайдаркан сымап акционердик коомунун металлургиялык заводунун куйкалоочусу, Кадамжай району;

Эркебаев Анарбай - Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылынын айыл башчысы, Баткен району.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

 

Абдрашитова Гүлсара - Баткен областтык жатак-гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими;

Базарбаев Акжол - Кулунду үйбүлөлүк медицина борборунун № 7 үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси, Лейлек району;

Бердыяров Нурыл Турдубаевич - "Сүлүктүшахтакурулуш" акционердик коомунун жер алдына өткөөлчүсү, Сүлүктү шаары;

Жаныбеков Абдрасул Ашырбаевич - Кызылкыя аймактык шаардык ооруканасынын башкы врачы;

Широв Мухиднн Бекматович - "Сүлүктүкөмүр" ачык типтеги акционердик коомунун И.Раззаков атындагы шахтасынын жер алдына өткөөлчүсү, Сүлүктү шаары.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев